"Энергетика менен жолго эң көп каражат кетет бирок бизде экөө тең оңолбоду"

ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны өттү. Анда депутаттар Кыргызстан менен Араб экономикалык ɵнүктүрүү Кувейт фонду ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автомобиль жолунун Корумду-Балбай участогун реконструкциялоо долбоору жɵнүндɵ кредиттик макулдашуунун долбоорун карашты.

Жыйында бул тууралуу жалпы маалымат берген Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлү Нурланбек Кыянбаев Кувейт фонду жолдун курулушуна 29, 8 млн.АКШ долларын бөлүп берип жатканын, төлөө мөөнөтү- 25 жыл экенине токтолду.

Талкуу учурунда депутат Абдывахаб Нурбаев жолдун ар бир чакырымына канчадан каражат сарпталаарын сурады. Кыянбаевдин маалыматы боюнча, 3-категориядагы жолдорду курууга 400-600, экинчи категорияга 1-1,5 млн, жаңы жолдорду салууга 2 млн доллардан ашуун каражат кетет. Депутаттын пикири боюнча, бул өтө кымбат. "Эң көп каражат энергетика менен жолго кетүүдө. Бирок, жолубуз да, энергетикабыз да оңолгон жок"- деди Нурбаев.

Депутат А.Артыков Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун ар бир чакырымынын курулушуна канчадан каражат сарпталып жатканына кызыкты. Эл өкүлү Кыргызстандагы жолдордун курулушун эң коррупциялашкан долбоорлор катары сыпаттап, аларды кылдат текшерип чыгууну сунуштады.

Талкуунун жыйынтыгында комитет Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык ɵнүктүрүү Кувейт фонду ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автомобиль жолунун Корумду-Балбай участогун реконструкциялоо долбоору жɵнүндɵ Кредиттик макулдашуунун долбоорун колдоого алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД