Аламүдүндө 41 жаштагы киши көлмөгө чөгүп көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруучуларга Чүй облусунун Аламүдүн районунун Озерное айылындагы 41-көлмөгө 1980-жылы туулган К.А. аттуу адам чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.