Кыргызстан менен өзбекстан транспорттук каттамдарын күчөтөт

Эки өлкөнүн делегациялары транспорттук байланышын бекемдөө үчүн Ош - Сары-Таш - Эркечтам коридорун бойлой изилдөө иштерин жүргүзүп жатат.

. Кыргызстан менен Өзбекстан Кашгар - Эркечтам - Ош - Анжиян - Ташкент аркылуу өткөн мультимодалдык транспорт коридорун рационалдуу пайдалануу жолун издей баштады. Бул үчүн коңшу өлкөнүн транспорт министри Ильхом Махкамов менен анын кыргызстандык кесиптеши Гүлмира Абдралиева жолугуп сүйлөшкөнүн Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Кыргызстан жана Өзбекстан башчылары чек ара тилкелерин мыйзамдаштырууну талкуулады

Учурда эки өлкөнүн делегациялары Кыргызстан менен Өзбекстандын транспорттук байланышын бекемдөө үчүн Ош - Сары-Таш - Эркечтам коридорун бойлой изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Мунун алкагында адистер "Эркечтам" өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгүн көрүп чыкты. Мындан тышкары, алар Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун ашууларына барышты.

Белгилей кетсек, бир нече жылдан бери пландалып, бирок ишке ашпай жаткан Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу дагы дал ушул Кашкар - Эркечтам - Ош - Анжиян - Ташкент багыты боюнча өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД