Соңку суткада коронавирустан 10 кыргызстандык көз жумду. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, Бишкекте – 6, Жалал-Абадда – 1, Баткенде – 2, Талас облусунда – 1 киши COVID-19 илдетинен улам көз жумган.
Муну менен пандемия башталгандан бери каза болгон кыргызстандыктардын саны жалпы 2 019га жетти.
Ошондой эле соңку суткада 1485 адамдан илдет аныкталган. Алар төмөнкү аймактарда:
Бишкек шаары – 923;
Ош шаары – 33;
Чүй облусу – 165;
Ош облусу – 109;
Талас облусу – 22;
Нарын облусу – 24;
Ысык-Көл облусу – 38;
Жалал-Абад облусу – 91;
Баткен облусу – 80;
Ошондой эле 571 илдеттен сакайып үйлөрүнө чыккан.
Муну менен пандемия башталгандан бери илдетке чалдыккан кыргызстандыктардын саны 127 880ге жетти. Анын ичинен 111 269 адам илдеттен сакайган.