Караколдо ысыктан эсин жоготуп кулаган адам тротуарды сүзүп жаракат алды

Караколдо ысыктан эсин жоготуп кулаган адам тротуарды сүзүп жаракат алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 1-июнда түш ченде Каракол шаарындагы сейил бакта болгон. Анда Түп районунун К.С. аттуу тургуну күндүн ысыгынан улам эсинен танып, кулап тротуардын четин сүзгөн.

Ошол жерден өтүп бара жаткан туристтик милициянын кызматкерлери жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көргөзүп, "Тез жардам" кызматын чакырып өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД