Жумгалбек Бөрүбаев: Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагы чоң потенциалга ээ

Мен, Жумгалбек Бөрубаев, Ош облусунун Алай районунда туулуп-өскөм.

Азыркы учурда жеңил өнөр жай тармагында эмгектенем. Тагыраак айтканда заманбап токума аппараттардын негизинде трикотаждан жемпер, кардигандарды өндүрүп, Казакстан, Тажикстан, Россия, Өзбекстанга экспорт кылабыз. Бул мамлекеттерде Кыргызстандан тигилген товарлар өзүнүн бекем ордун тапкан. Тигүү тармагынын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп жүрүп, бир топ ийгиликтерге жетиштик. Иш орундары менен адамдарды камсыздадык. Жогоруда мен айткан өлкөлөрдө туруктуу кардарларыбызды таптык.

Бишкек шаардык кеңешине "Биздин Кыргызстан" партиясынан талапкерлигимди койдум. Эмне үчүн?

Тигүү тармагы Кыргызстанда негизги экспортерлордун бири болгонуна карабастан, атамекендик өндүрүшкө мамлекет тийиштүү деңгээлде жардам кыла албай келет. Ижарага алып иштетүүгө муниципалдык имараттардын жана жерлердин ижара акысы да аябай кымбат. Албетте, бул маселелерди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары чече албайт. Улуттук деңгээлде карала турган маселелер бар. Шаар кеңешинин депутаты мандатына ээ болуп калсам, ушул маселелерди көтөрүп чыгам.

Тигүү тармагын ичтен билген адам катары: "Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагы чоң потенциалга ээ", - деп айта алам. Бул тармакты мындан ары да өнүктүрүүбүз керек. Ал боюнча жаңычыл идея, ойлор бизде арбын.

Борбор шаарыбыздагы жол тыгындарын азайтуу, Бишкек шаарынын деталдуу планировкасын кайра карап чыгуу, жол боюндагы белгилерди стандарттарга туура келтирүү, жол кыймылдарын уюштуруу боюнча да өз сунуштарым бар.

Буйрутмачы: "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова (№37 күбөлүк, 11.06.2021).

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 04.07.2021.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД