Акыркы суткада коронавирус илдети 7 адамдын өмүрүн алды

Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен 7 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг берип жатып билдирди.

Анын айтмына ылайык, каза болгондор Бишкек шаарында беш, Чүй облусунда экөө катталды.

Өлкө боюнча жалпы каза болгондордун саны 1713.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД