Ала-Арча суу сактагычына 13 жашар бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 4-июнда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Калыс-Ордо конушунда болгон. Анда аталган жаңы конуштагы Ала-Арча суу сактагычына 2008-жылы төрөлгөн Ш.И аттуу бала сууга чөгүп кеткен.
Аны издөөгө 8 куткаруучу тартылып, баланын жансыз денесин суудан алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.