Бир күн ичинде коронавирус 1 миң 437 адамдан табылып, 9 киши каза болду

Бүгүн, 5-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 1 миң 437 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында - 924, Ош шаарында - 71, Чүй облусунда - 142, Ош облусунда - 85, Талас облусунда - 10, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда - 33, Жалал-Абад облусунда - 78, Баткен облусунда - 87 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 568 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 9 адам каза болгон: Бишкекте – 3, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 1, Ош облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 жана Ысык-Көл облусунда – 2 киши.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 4 миң 126 адам, ал эми амбулатордук түрдө 11 миң 589 бейтап дарыланууда. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 100 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 2 миң 657 адамдын абалы орто оор, 1 миң 193 киши оор жана 176 бейтап өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 132 миң 70 учур катталды. Анын ичинен 113 миң 212 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 46 бейтап каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД