Рейхан Инанды: күйөөмдүн кийинки тагдырына кыргыз бийлиги жооптуу

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды кыргыз бийлиги өз атуулун кайтарып келиши керектигин айтты.

Ал "Азаттыкка" курган маегинде өзү Түркиянын атуулу экенин, бирок күйөөсү бир нече жылдан бери Кыргызстандын жараны болгондуктан, Орхан Инандынын мындан аркы тагдырына кыргыз бийлиги жооптуу деген көз карашын айтты:

"Бийлик катары өз жаранын алып келиши керек да. Муну мен эми аларга айтканым зарыл эмес, бийлик өз милдетин билиши керек. Бул жактан кыргыз жараны Түркияга берилди же уурдалып кетти. Эми бийлик аны кайтарууга тийиш. Бул өлкөнүн макамы жана келечеги үчүн маанилүү маселе да".

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган бир айдан ашык убакыттан бери дайыны чыкпай жаткан "Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Ал Инандыны "ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башкы жооптуу өкүлү" деп атады жана аны алып келүү чалгынчылардын "сабырдуу иш-аракеттеринин негизинде" ишке ашканын билдирген.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД