Орусия Тажикстанды Талибан дан коргоо үчүн аскер базасын колдононууга даяр

Тажикстанды "Талибан" кыймылынан коргоо үчүн Орусия колунан келгендин бардыгын жасайт жана анын ичинде Тажикстандагы аскер базасын колдонот. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров маалымат жыйында айтканын жергиликтүү басылмалары жазышты.

"Биз союздаштарыбызга каршы агрессияны алдын алуу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Бул үчүн Орусия Тажикстандын Ооганстан менен чектешкен аймагындагы аскердик базасын колдонот", - деген Лавров.

Лавровдун айтымында, Ооганстанда кырдаал америкалык аскерлер чыгарылып кеткенден кийин тездик менен начарлап баратат.

Ооганстанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "​​Талибан" кыймылынын колуна өткөн. Акыркы эки-үч күндө эле бул өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми 22-июнда "Талибан" кыймылы Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы "Шерхан-Бандар" аттуу бажы өткөрмө пунктун басып алган.

1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин "Талибан" согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД