"Кумтөр голд" менен эл аралык деңгээлде соттошуу үчүн кол топтоо башталды

"Кумтөр" ишканасы менен эл аралык деңгээлде соттошуу үчүн кол топтоо башталды. Бул тууралуу VB.KG`ге жарандык активист Нарис Калчаев маек берип жатып билдирди.

Май айынын башында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Кумтөр алтын кениндеги Давыдов, Лысый мөңгүлөрүндөгү калдык топтоочу жайды мыйзамсыз деп таап, "Кумтөр голд" компаниясына 261 миллиард 719 миллион 674 миң сомду мамлекетке төлөп берүүнү милдеттендирген.

Бул чечим "Кумтөр голд компани" ишканасынын үстүнөн сотко арыз жазган Айбек Сарыбаев, Аблас Жээнбеков, Кемелбек Кутманов жана Нарис Калчаевдердин кайрылуусунун негизинде кабыл алынган.

Нарис Калчаев учурда бул соттук иштин кандай жүрүп жатканы, келечекте бул иш боюнча кандай кадамдарды жасоону пландап жатышканы тууралуу кеңири айтып берди.

Маекти толук төмөндөгү видеодон көрө аласыздар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД