Бишкек ШИИББ: Орхан Инанды бир эле учурда түрк жана кыргыз жараны болгон

Орхан Инанды кош жарандуулукка ээ болгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын уурдалышы боюнча тергөө иштерин жүргүзүүүдө. Анын алкагында Орхан Инанды кыргыз жана түрк жарандыгы боюнча кош жарандуулукка ээ экени такталган.

Ага ылайык, Орхан Инанды 2012-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын ID паспортун жана 2012-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алган. Муну менен катар эле 2024-жылдын 23-сентябрына чейин жарактуу болгон Түркиянын паспортун дагы колдонуп жүргөн. Аны менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан 27 жолу өтүп, Азербайжан, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары, Орусия , Түркия жана Индияга 2014-2018-жылдар аралыгында учкан.

Ал эми 2018-жылдан тартып Кыргыз паспортун 9 ирет колдонуу менен Орусия, Казакстан жана Индия мамлекеттерине барып келген.

"Орхан Инанды Түркияда туулуп-өскөн жана Түркиянын жарандыгынан чыккан эмес. Мындан тышкары 2019-жылы тиешелүү кызматтар тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Орхан Инандынын Кыргыз Республикасынын паспортун алуу мыйзамдуулугу боюнча тергөө иштери башталган", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД