Баткенде селдин айынан эки айылга "өзгөчө кырдаал" режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен районунда 6-июлда жааган жаандын кесепетинен суунун денгээли көтөрүлүп, Согмент, Газ жана Кара-Булак айылындарында үйлөрдүн короолорун, ички чарбалык унаа жолду, 3 га эгин талаасын сел каптаган. Ошондой эле 2 көпүрө бузулуп, 2 даана ички чарбалык көпүрөлөрдү сел агызып кеткен. Сай боюнда жайгашкан 47 турак үйгө кооптуу абал жаралган. Анын ичинен 6 турак үйдүн жашоочуларын убактылуу коопсуз тилкеге көчүрүү жагы жергиликтүү бийликке сунушталган.
Бүгүн селдин кесепеттерин жоюу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 15 куткаруучусу, жергиликтүү тургундардан 40 адам, 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылган.
Селдин кесепетин тактап, кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында жүргүзүү максатында райондун акиминин буйругу менен Газ жана Согмент айылдарына "Өзгөчө кырдаал" режими киргизилген.