Орто кесиптик окуу жайларда төрт миңден ашык бюджеттик орун бөлүндү

Министрлер кабинети 2021-2022-окуу жылына карата орто кесиптик билим берүү жайларындагы адистиктердин тизмесин бекитип, бюджеттик орундардын санын аныктады. Ага ылайык, келерки окуу жылына министрлик-мекемелерден келген талаптардан улам 4131 бюджеттик орун каралды.

Анда Билим берүү жана илим министрлиги 2309, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 1335 орун, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 427 орун жана Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги 60 орун сураган.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2020-2021-окуу жылында жалпы 138 орто кесиптик билим берүүчү жайда жалпысынан 96 миңге жакын адам билим алган жана анын 56% кыздар түзгөн.

Эң популярдуу адистик - педагогикалык багытта болуп, тапшыргандардын 26% мугалимдикти тандаса, саламаттыкты сактоо тармагында билим алууга 18%, экономика жана башкаруу багытына 14% жана техникалык адистиктерге 13% улан-кыз тапшырган.

Соңку кездери информатика жана компьютердик технология багытында окугандар 49% көбөйүп, айыл чарба жана экономика адистигин көздөгөндөр эки эсе азайган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД