COVID-19. Бир суткада вирус 1 миң 319 адамдан табылып,10 адам каза болду

9-июлга карата акыркы суткада вирус 1 миң 319 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, вирус Бишкек шаарында жана Чүй облусунда кеңири жайылууда.

Акыркы суткада ордо калаада 715, Чүйдө 225 кишиден вирус аныкталды.

Жалал-Абад облусунда 109 кишиден, Баткенде −84, Ысык-Көлдө −44, Ош облусунда −87, Ош шаарында - 25 кишиден вирус табылды.

2020-жылдын март айынан бери 137 миң 58 киши вируска чалдыкты

Акыркы суткада 10 киши вирустан каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында - 7, Чүй облусунда −3 адам вирустан көз жумду.

2020-жылдын март айынан бери 137 миң 58 киши вируска чалдыгып, 2 миң 83 киши каза тапты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД