Бишкекте 6 айда 1,3 миң адам жолбун ит-мышыктардын кол салуусуна кабылды

Бишкекте 6 айда 1,3 миң адам жолбун ит-мышыктардын кол салуусуна кабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы учурда бишкектиктер ит тиштегенден кийин жардам сурап көп кайрыла башташты. Бүгүн эле Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жолбун иттер адамдарга кол салууга аракет кылганы тууралуу кайрылуу түшкөн.

Мэрия жолбун ит-мышыктарга каршы иш-аракеттер жүргүзүлүп жатканын, кол салууга кабылгандар болсо (0555) 701 761 номерине арыз менен кайрылуу керектигин билдирет.

Быйыл ит жана мышык тиштеп медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны өскөн. Жыл башынан бери 1 миң 321 адам жапа чеккен. Алардын 85,5 пайызын ит тиштеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД