Соңку суткада коронавирустан 9 адам көз жумуп, 1295 адамдан илдет табылды

Соңку суткада коронавирустан 9 адам көз жумуп, 1295 адамдан илдет табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, соңку суткада коронавирустан Бишкекте 8, Ош шаарында бир адам каза болду.

Муну менен коронавирус пандемиясы башталгандан бери илдеттен каза болгон кыргызстандыктардын саны 2 миң 102ге жетти.

Ошондой эле соңку суткада коронавирус дагы 1 миң 295 адамдан табылган. Анда Бишкек шаарында – 761, Ош шаарында – 46, Чүй облусунда – 139, Ош облусунда – 41, Талас облусунда – 19, Нарын облусунда – 32, Ысык-Көл облусунда – 45, Жалал-Абад облусунда – 98, Баткен облусунда – 114 кишиден илдет аныкталган.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 139 мин 648 адам коронавирус жуктуруп, анын ичинен 118 миң 8 киши айыгып чыкса, 2 миң 102 адам көз жумду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД