Бишкек-Ош жолунда эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында, Бишкек-Ош унаа жолунун 373-чакырымында болгон. Анда "Хонда Одиссей" унаасы менен "Тойота Эстима" үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, 6 адам жабыркаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары каза болгондорду унаадан чыгарып, миилция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми, жабыркаган адамдар Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген, абалдары оор.