Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова шайлоо тилкесине барып добуш берди

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова шайлоо тилкесине барып добуш берди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Бишкек шаарындагы Жалил Садыков атындагы №84 орто мектебиндеги № 1019 шайлоо тилкесинде добуш берген.

Белгилей кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоону өткөрүү максатында бүгүн Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарына кайра шайлоо болуп жатат.

2021-жылы 11-апрелде 28 шаардык кеңешке өткөн шайлоодо үч шаардагы добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарылган. Бүгүн, 11-июлда өтүүчү шайлоодо Бишкек шаарында 18, Ош шаарында тогуз, Токмок шаарында алты партия ат салышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД