Бир суткада добуштарды сатып алуу боюнча 30 билдирүү келип түштү

10-июлдан 11-июлга чейин Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын ыкчам аракеттенүү боюнча Координациялык тобуна шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 45 билдирүү келип түштү, деп билдирди БШКнын мүчөсү Чынара Исмаилова.

Алардан:

- добуштарды сатып алуу боюнча - 30,

- административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу жөнүндө - 9,

- шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнүн шарттарын бузгандыгы жөнүндө - 6.

Анын айтымында, укук коргоо органдары шайлоо участогунан сырткары жерде добуштарды сатып алуу боюнча кылмыш иштерин каттаган.

Жакынкы аралыкта Ош жана Бишкек шаарларындагы конкреттүү талапкерлерге байланыштуу материалдар сотко жөнөтүлөт, деп кошумчалады Координациялык топтун мүчөсү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД