Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунда жол кырсыгынан 2 адам каза болду

Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунда жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Алай районунда Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 70-чакырымында (Кара-Булак айылы) Лексус-570 жана Тойота-Королла үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп (1 аял, 1 эркек), 3 адам жабыркаган (1 аял, 2 эркек).

Жерине Алай райондук №68 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышкан.

Жабыркаган жарандарды "Тез жардам" кызматы Алай райондук ооруканасына жеткирген. Ал эми каза болгон жарандардын жансыз денелери ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД