Соңку суткада коронавирустан 11 адам көз жумуп, 1330 адамдан илдет табылды

Кыргызстанда 12-июлга карата COVID-19 илдетинен 11 ​бейтап каза болду. Муну менен коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 2113кө жетти.

Акыркы бир сутка ичинде дагы 1330​ адамдан коронавирус аныкталды. Былтыр пандемия башталгандан бери өлкөдө 140 978 адам вирус жугузуп алды.

Ошол эле акыркы суткада коронавирустан дарыланып жаткан 763 адам ​ айыкты. Жалпы сакайгандардын саны 118 771 адам.

Бир суткада 42 ​медицина кызматкери ​коронавирус жугузуп алган. Пандемия башталгандан бери жалпы 5920 медикке вирус жукту, анын 5154ү сакайды.

Учурда 4 694 бейтап ооруканада, 14 420 киши үй шартында дарыланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД