Август айынын ортосуна чейин 1 млн 250 миң адамды эмдөө пландалууда

Кыргызстанда август айынын ортосуна чейин 1 млн 250 миң адамды коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Ал кечээ, 11-июлда Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 млн 250 миң дозасы келгенин, анын 1,1 млн дозасы бюджеттин эсебинен алынганын белгилеп өттү. 150 миң дозаны Кытай гуманитардык жардам катары берген.

"Алар ар бир аймакка калкынын жана коронавирус менен ооруп жаткандардын санына жараша бөлүштүрүлүп, жеткирилди. Өлкө боюнча 847 эмдөө пункту ачылды", - деди ал.

Ал айтымында, учурда өлкөдө 130 миң адам коронавируска каршы эмделген (вакцинанын биринчи жана экинчи дозасын алгандар).

"Август айынын ортосуна чейин 1 млн 250 миң адамды эмдөөдөн өткөрүүнү пландап жатабыз. Биз көпчүлүктүн иммунитетин пайда кылыш үчүн 2 млн 137 миң кишини эмдөөдөн өткөрүшүбүз керек", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД