Sinopharm вакцинасынын дагы 1 миллион 250 миң дозасы кошумча сатып алынат

Sinopharm вакцинасынын дагы 1 миллион 250 миң дозасы кошумча сатып алынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова брифингде билдирди.

"Кытай Эл Республикасында өндүрүлгөн Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы келип түштү. Анын 1 миллион 100 миң дозасы республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынды. 150 миң дозасы Кытай тараптан гранттык негизде берилди.

Азыркы учурда ушул эле вакцинанын дагы 1 миллион 250 миң дозасын кошумча сатып алуу маселеси иштелип жатат. Аталган вакцинанын партиясы ушул жылдын июль айынын аягына чейин өлкөгө алынып келинет. Белгилей кетсем, эмдөө боюнча улуттук планга ылайык, калктын 70 пайызы же 2 миллион 187 миң 417 адам эмделүүгө тийиш", - деп билдирди Бакашова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД