Сузакта токол алып той берген адамга козголгон кылмыш иши кыскарды

Сузакта токол алып той берген адамга козголгон кылмыш иши кыскарды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш боюнча тергөөнүн жүрүшүндө той өткөргөн адамдын эки аялы эки башка даректе жашагандыктан, Жазык кодексинин "Эки жана андан көп аял алуу" беренесинде каралган кылмыштын курамы аныкталган эмес. Жыйынтыгында иш өндүрүштөн кыскартылган.

Белгилей кетсек, буга чейин Сузактын тургуну эки аял алып той берип, анда биринчи аялы жана балдары куттуктап жаткан тасма тараган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД