Соңку суткада коронавирустан 10 адам көз жумуп, 1292 адамдан илдет табылды

Бүгүн, 13-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 1 миң 292 адамдан табылды дагы 10 адам коронавирус менен пневмониянын кесепетинен каза тапты. Бул тууралуу маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында - 720, Ош шаарында - 38, Чүй облусунда - 196, Ош облусунда - 31, Талас облусунда - 16, Нарын облусунда - 23, Ысык-Көл облусунда - 49, Жалал-Абад облусунда - 101, Баткен облусунда - 118 кишиден табылган.

Каза тапкан бейтаптар:

Бишкек шаарында 7, Чүй облусунда 1,Ош облусунда 1

- Ысык-Көл облусунда - 1 бейтап каза болду.

Ошол эле учурда 923 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 6 адам каза болгон: Бишкекте – 3, Ош облусунда – 1, Чүйдө – 1 жана Ысык-Көлдө – 1 киши.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД