Кыргызстанда коронавирус башталгандан бери 1 650 бала вирус жугузуп, анын ичинен алтоо каза болгон. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Алар ооруну кандай абалда көтөрүшкөн:
канааттандырарлык - 58 пайыз;
орточо оор - 22,5 пайыз;
оор абалда - 17,5 пайыз;
өтө оор абалда - 2 пайыз.
Балдардын жаш курагы:
1 жашка чейин – 263 (16 пайыз);
1 жаштан 4 жашка чейин – 512 (31 пайыз);
5 жаштан 15 жашка чейин – 685 (41,5 пайыз);
16 жаштан 18 жашка чейин – 190 (11,5 пайыз).
Бүгүнкү брифинг учурунда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Гүлзат Маймерова балдар да чоңдор сыяктуу эле коронавируска кабылылып жатканын, бирок аз санда экенин айтты.
"Балдар COVID-19ду жеңил өткөрүшөт, алардын арасында симптомсуз жана оорунун жашыруун формаларын алып жүргөндөр бар. Мындай балдар ачык симптомдору менен ооруган чоңдорго караганда инфекцияны көбүрөөк алып жүрүшөт", - деди ал.
Балдар арасында коронавирус жугузуп стационарга түшүп калгандардын саны Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда баарынан көп.
Бишкек шаары – 573;
Чүй облусу – 267;
Ош облусу – 262;
Ысык-Көл облусу – 135;
Жалал-Абад облусу – 114;
Ош шаары – 109;
Нарын облусу – 98;
Баткен облусу – 73;
Талас облусу – 19.
Республикалык штабдан кошумчалашкандай, 2020-жылдын жаз айларында дүйнө жүзү боюнча ооруган балдардын саны жалпы статистиканын 0,8-2 пайызын түзсө, учурда вирус жугузуп алгандардын 11-14 пайызы жаш балдар болуп эсептелет.