Бишкек мэри үй-жайсыз калган 91 жаштагы энеге жардам берди

Бишкек мэри үй-жайсыз калган 91 жаштагы энеге жардам берди. Бул тууралуу шааар бийлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин Жалпыга маалымдоо каражаттарында 91 жаштагы Оморова Керез жана анын үй-бүлөсү микрокредиттик компаниянын курмандыгы болгондугу жөнүндө маалымат чыккан. Натыйжада чоң эне үйүнөн ажыраган.

Ал жардам сурап Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылган.

Кечээ, 13-июлда жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат чыгаары менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов аталган аял менен жолугуп, ага убактылуу жай берилип, материалдык жардам, биринчи керектелүүчү буюмдар жана тамак-аш берилген.

Бул маселени мэр тыкыр көзөмөлүнө алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД