Соңку суткада коронавирустан 10 адам көз жумуп, 1398 адамдан илдет табылды

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 14-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19дан дагы он бейтап көз жумду. Алардын ичинен Бишкекте беш, Чүй менен Жалал-Абад облустарында экиден, Ошто бир киши каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 133​ кишиге жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 398 адамдан аныкталды. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 143 668 адамга жетти. Андан 120 731 бейтап айыкты.

Ушул күндөрү 4 675 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 228 бейтаптын абалы өтө оор, 1 358 кишиники оор деп бааланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келет.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы 56 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Ушуну менен жалпы 6 012 медкызматкерге COVID-19 жукту. Анын ичинен 5 218и сакайды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД