Instagram аккаунттун коопсуздугу үчүн жаңы функция киргизет

Instagram профилдин коопсуздугун бекемдөө үчүн Security Checkup функциясын ишке киргизет. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Instagram жетекчиси тиркемеде масштабдуу өзгөрүүлөр болорун айтты

13-июлдан тарта Security Checkup функциясы кимдин аккаунту бузулган болсо, аны коргоо үчүн бир канча этаптан өтүүнү сунуштайт. Колдонуучулар аккаунтка бөтөн адам киргенин, баракчадагы маалыматтардын тууралыгы, башка профилдер менен байланыштар сыяктуу жагдайларды текшере алат.

Аккаунттун коопсуздугу үчүн Instagram социалдык тармак колдонуучу менен байланышып, аккаунтту калыбына келтирип туруу үчүн эки факторлуу идентификацияны колдонуп, телефон номерин жана почтасын кошууну сунуштап жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД