Соңку суткада коронавирустан 10 адам көз жумуп, 1290 адамдан илдет табылды

Кыргызстанда 15-июлга карата COVID-19 илдетинен Бишкекте 6, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда бир бейтап каза болду.

Коронавирустун жалпы өлүм учурлары 2143кө жетти.

Акыркы суткада 1290 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде:

Бишкек шаарында – 726;

Ош шаарында – 53;

Чүй облусунда – 176;

Ош облусунда – 72;

Талас облусунда – 19;

Нарын облусунда – 18;

Ысык-Көл облусунда – 56;

Жалал-Абад облусунда – 55;

Баткен облусунда – 115 адамдан вирус табылган.

Былтыр март айынан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 144 миң 958ге жетти.

Бир суткада 1029 адам сакайып, жалпы айыккандар 121 миң 760 киши болду.

Акыркы суткада 40 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6052 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, анн ичинен 5257си айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 4813 бейтап, үй шартында 15057 адам дарыланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД