Акыркы бир суткада вирустун жаңы 1 миң 334 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт.
Бишкекте - 702, Ош шаарында - 47, Чүй облусунда - 228, Ош облусунда - 67, Талас облусунда - 20, Нарын облусунда - 24, Ысык-Көл облусунда - 49, Жалал-Абад облусунда - 79, Баткен облусунда - 118 кишиден вирус аныкталды.
2020-жылдын март айынан бери 146 миң 292 киши вируска чалдыкты.
Бир суткада коронавируска кабылган 11 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Бишкекте - 6, Чүй облусу - 1, Талас облусу - 2, Жалал-Абад облусу - 1, Ысык-Көл облусу - 1 киши көз жумду.
2020-жылдын март айынан бери 2 миң 154 киши каза тапты.