Соңку суткада коронавирустан 11 адам көз жумуп, 1287 адамдан илдет табылды

Бүгүн, 19-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 1 миң 287 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында - 917, Ош шаарында - 19, Чүй облусунда - 96, Ош облусунда - 11, Талас облусунда - 20, Нарын облусунда - 11, Ысык-Көл облусунда - 48, Жалал-Абад облусунда - 48, Баткен облусунда - 117 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 1 миң 289 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 11 адам каза болгон: Бишкекте – 6, Таласта – 1, Чүйдө – 1, Ош шаарында – 1 жана Ысык-Көлдө – 2 киши.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 4 миң 704 адам, ал эми амбулатордук түрдө 15 миң 753 бейтап дарыланууда. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 46 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 3 миң 33 адамдын абалы орто оор, 1 миң 430 киши оор жана 195 бейтап өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 150 миң 316 учур катталды. Анын ичинен 126 миң 450 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 186 бейтап каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД