Кыргызстанда 17-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 102 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарында - 827, Ош шаарында - 10, Чүй облусунда - 65, Ош облусунда - 24, Талас облусунда - 9, Нарын облусунда - 12, Ысык-Көл облусунда - 55, Жалал-Абад облусунда - 20, Баткен облусунда - 80 адамдан илдет табылган.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 5, Нарын облусунда 1, Чүй облусунда 3 бейтап каза болгон.
2021-жылдын март айынан бери 152 миң 709 адам коронавирус жуктуруп, 2 миң 205 адам каза болду.