Ысык-Көлдө ортомчулар өрүктүн баасын өтө арзандатып жиберишти - видео

Ысык-Көлдө ортомчулар өрүктүн баасын өтө арзандатып жиберишти. Бул тууралуу VB.KG`ге Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну Чынгыз Жаанбаев билдирди.

Анын айтымында ортомчулар бир күндө эле 15 сомго арзандатып жиберишкен.

"Кечээ эле 70 сом болчу, бүгүн, 55 сомдон алабыз деп жатышат. Эл кыйналды, Монополияга каршы атайын кызмат ушул көйгөйдү чечип, көзөмөлдөсө жакшы болмок", - дейт фермер.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД