COVID-19. Бир суткада 1 миң 169 кишиден вирус аныкталып, 12 киши каза болду

Кыргызстанда 22-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 169 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында - 760, Ош шаарында - 13, Чүй облусунда - 132, Ош облусунда - 31, Талас облусунда - 12, Нарын облусунда - 17, Ысык-Көл облусунда - 52, Жалал-Абад облусунда - 76, Баткен облусунда - 76 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 1 миң 837 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында - 1 миң 303, Ош шаарында - 95, Чүй облусунда - 155, Ош облусунда - 35, Талас облусунда - 13, Нарын облусунда - 12, Ысык-Көл облусунда - 36, Жалал-Абад облусунда - 95, Баткен облусунда - 935 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 6, Чүй облусунда 4, Нарын менен Баткен облустарында бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 356 бейтап, амбулатордук түрдө 16 миң 9 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 29 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 267 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 499 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 153 миң 878 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 124 миң 58 киши айыгып чыкса, 2 миң 217 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД