Бишкекте 18 жаштагы кыз бычакталып көз жумду

Бишкекте бычакталган 18 жаштагы кыз көз жумганын Свердлов райондук милиция билдирди.

20-июлда милицияга Москва көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кыздын бычакталганы боюнча маалымат түшүп, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери жөнөп кеткен.

"Батирден көкүрөгүнө бычак жеген 2003-жылы туулган Т. К. аттуу 18 жаштагы жаран табылган. Тез жардам ооруканага алып барганы менен, тилекке каршы, каза болуп калды", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталып, Жазык кодексинин 130-беренесинин негизинде ("Адам өлтүрүү") иш козголгон.

"Кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган М. Б. аттуу жаран айтылып жатат, ал бешинчи кабаттагы батирлердин биринен секирип кеткен", - деп билдирди милициядан.

Жерге түшкөндөн кийин буту сынып, мээси чайкалып, шаардагы ооруканалардын бирине түшкөн.

Учурда иликтөө иштери уланып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД