11 жаштагы бала сууга агып кетип, сөөгү Чоң Чүй каналынан табылды

Чүй облусунун Көк-Жар айылындагы каналга түшүп кеткен 11 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, сууга түшүп кеткен 2010-жылы туулган К.Д. аттуу баланы издөө иштерине 4 куткаруучу тартылган. Натыйжада маркумдун жансыз денеси Лебединовка айылындагы Чоң Чүй каналынан туугандары тарабынан табылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД