COVID-19. Бир суткада 14 бейтап каза болуп 969 адамдан вирус аныкталды

Кыргызстанда 27-июлга карата коронавирус дагы 969 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында - 611, Ош шаарында - 6, Чүй облусунда - 86, Ош облусунда - 22, Талас облусунда - 18, Нарын облусунда - 20, Ысык-Көл облусунда - 59, Жалал-Абад облусунда - 88, Баткен облусунда - 59 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 1 миң 616 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында - 1 миң 107, Ош шаарында - 71, Чүй облусунда - 179, Ош облусунда - 47, Талас облусунда - 8, Нарын облусунда - 17, Ысык-Көл облусунда - 28, Жалал-Абад облусунда - 82, Баткен облусунда - 77 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 8, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 1 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 935 бейтап, амбулатордук түрдө 13 миң 272 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 24 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 378 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 685 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 159 миң 89 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 138 миң 316 киши айыгып чыкса, 2 миң 275 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД