Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд 900 млн метр кубга чукулдады

Бүгүн, 24-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 895 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 25-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 895 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 521 метр куб, агып чыгышы 256 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

21-майда суу сактагычта 9 миллиард 837 миллион метр куб суу бар болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД