Актриса Динара Багышбаева турмуш жолуна аттанды

"Бунт", "Кайнене", "Супер келиндер", "Кыялкэштер" жана башка тасмалардагы ролдору менен таанылган актриса Динара Багышбаева турмуш жолуна аттанды. Бүгүн, 6-августта актрисанын кыз узатуу тою Оштогу тойканалардын биринде өтөт.

Динара Багышбаева учурда тойго кызуу даярданып жатканын, Токтогул жергесине келин болорун айтты.

Актриса 1992-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Ал алгач "Тамашоуго" "No name" командасынын катарында катышып, кийин тасма, клиптерде образ жарата баштаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД