Кыргызстанда уюк операторлор былтыр 8 млрд. сомдон ашык киреше тапты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев уюк операторлор 2020-жылы 8 миллиард 800 миллион сом киреше тапканын билдирди. Бул тууралуу ал 25-майда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Кыргызстанда "Мегаком" бренди менен белгилүү "Альфа Телеком" компаниясы, "Билайн" аты менен таанылган "Скай Мобайл" ишканасы жана "О!" деген бренд менен чыккан "НУР Телеком" компаниясы жана "Salam" уюк операторлору иштейт. Алар байланыштан жана Интернет кызмат көрсөтүүдөн киреше табат.

Алардын ичинен "Мегаком" менен "Salam" мамлекеттик ишканалар. "Salam" виртуалдык оператору 2020-жылы чуулуу окуялар менен ишке берилген. "Мегаком" 2010-жылдан кийин мамлекеттештирилген. Бул компанияны өкмөт бир нече жолу сатууга аракет кылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД