Орусия Кыргызстандагы орус тилде сүйлгөндөрдүн укугун коргоого чакырды

Орусиянын президентине караштуу жарандык коом жана адам укуктарын өнүктүрүү боюнча туруктуу эл аралык комиссия Кыргызстанда орус тилдүү атуулдарды коргоону күчөтүү зарыл деген билдирүү таратты.

Аталган комиссиянын расмий сайтына чыккан билдирүүдө: "Акыркы мезгилде Кыргызстанда орусиялык атуулдар жана орус тилдүүлөргө карата улуттук өзгөчөлүгүнө карай орой мамилелер катталууда. Спорттук лагерде улутунан улам сабалган орус үй бүлөнүн баласы, Бишкектеги орус тилдүү кызга карата кардардын кол салуусу буга мисал боло алат. Орусиядагы аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн чет жактагы мекендештерибиздин укугун коргоого чакырабыз. Кыргызстандын бийлиги өлкөдө улуттук негизде басмырлоону болтурбоо үчүн кыска мөөнөттө чара көрөрүнө ишенебиз", - деп жазылган.

Быйыл жай башында Ысык-Көлдө спорттук лагердин тарбиялануучусу, орус улутундагы өспүрүм сабалганы аныкталып, териштирүү жүргөн.

Бишкекте өткөн жумада соода борборлордун биринде тейлөөчү кыз орус тилинде сүйлөгөнү үчүн кардардын зомбулугуна кабылган видеосу таркаган.

Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги да бул окуялар боюнча өз реакциясын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД