Абактагы Аспеков инфаркт менен ооруканага түштү

№1 тергөө абагында отурган активист Мелис Аспеков кечээ, 9-августта инфаркт алып, кечинде, саат 22:00 чамасында Улуттук кардиология борборунун жандандыруу бөлүмүнө келип түштү. Бул тууралуу анын иниси Азамат Аспеков жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.

Анын айтуусунда, учурда абалы оор, операцияга даярдалып жатат.

"Төрт күн мурун оорулары боюнча жактоочусу аркылуу айттырып жаткан. "Колдорум жакшы сезбей жатат, жүрөк тушум сайгылышып ооруп жатат, мени врачтар келип карасынчы", - деп суранып жаткан. Бирок, анысына карабай бир медайым кирип, "суук тийип калганын" айтып, укол сайып чыккан бойдон каралган эмес", - деди Азамат Аспеков.

Мелис Аспеков СИЗОнун камерасында жалгыз болгондуктан, эс-учун жоготконун эч ким көрбөй, 15 мүнөттөй жатып калган.

Мындан сырткары ал Мелис Аспековдун 2 ай мурун эле текшерүүдөн өткөндө ден соолугу таза деген анализ чыкканын, саламаттыгынын кескин начарлап кетишине соттун адилетсиздиги себеп болгонун кошумчалады.

Эскерте кетсек, активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев январь айынын башында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылган деген шек менен кармалган.

26-январда сот Улан Жураевди үй камагына чыгарган. Маалым болгондой, ал Башкы прокуратура менен кызматташууга макул болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД