Ичим өрттөнүп жатса да үй-бүлөмдү сактагым келди. Бирок...

Ичимде толуп жаткан сырымды айткым келди, анткени сыр бөлүшөөр эжем же сиңдим жок, башкасына ишене албайм.

Мен жолдошум менен турмуш жолуна аттанганыбызга 3 жыл болду. Бул жылдарда ар кандай күндөр өттү. Мурда экөөбүз 7-8 жыл бири-бирибизди таанып, сүйлөшкөнүбүз менен, билбеген сырыбыз, мүнөзүбүз көп экен. Балалуу да боло алган жокбуз. Күнөө кимде экени мааниси жок. "Кел дарыланалы аракет кылалы" десем эле акчанын айынан уруш чыгат. Кыскасы акча короткусу келбейт. Кайра мени күнөөлүү кылып чыгарып коёт, өзүм да түшүнбөй калам. Кечке эле ооруй бересиң акча коротуп деп аябай мээмди жеп жүрдү. Мейли деп унчукпадым, ичим өрттөнүп жатсада, үй-бүлөмдү сактагым келди. Балким балалуу болсок баары өзгөрөт деп үмүт кылдым. Мен күйөөмду аябай жакшы көрөм. Бирок айтууга аргасызмын. "Кел эгерде мени менен жашаганга көңүлүң жок болсо акырын эле ажырашалы" деп айтайын деп чечтим. 20дагы жаш эмеспиз билем(30дабыз), бирок дагы өмүрүбүз, мандайыбызга жазылган бактыбыз бардыр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД