Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 8 адам ооруканага түштү

Ысык-Көлдө 3 унаа кагышкан жол кырсыгында, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Ысык-Көл районунун Корумду айылында саат 00:47 чамасында болгон. Анда Subaru Forester, Аudi A6 жана Mazda-626 үлгүсүндөгү унаалар жол кырсыгына кабылган. Кырсыктын кесепетинен 31 жаштагы киши жана 20 жаштагы кыз каза болгон. Ошондой эле 8 адам ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилген (5 аял: 1989-ж.т. Б.М., 1993-ж.т. Ж. кызы М., 1997-ж.т. Б.А., 1995-ж.т. Т.П., 1982-ж.т. Динара, 3 эркек: 1991-ж.т. Ж.И., 1997-ж.т. К у У., 1992-ж.т. Э у А.).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД