"Апама сөз бергем" Хабиб Мейвезер м/н мушташуу үчүн 100млн доллар сунушун ч

UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов атактуу америкалык мушкер Флойд Мейвезер менен мушташуу үчүн сунушталган 100 миллион доллардан баш тартты. Бул тууралуу Нурмагомедовдун менеджери Али Абдель-Азиз америкалык басылмалардын бирине берген маегинде айткан.

"Хабибге UFC уюму Мейвезер менен мушташ үчүн 100 миллион доллар сунуштаган. Бирок Хабиб мага: "Жок, мен кеткем. Карьерамды жыйынтыктадым деп апама айткам. Мен ага берген сөзүмдү аткарам. Эгер апам дагы бир жолу мушташууга уруксат берсе, балким, мушташам. Бирок ал азырынча муну айтпайт" деп айтты. Ал мусулман жана биз энелерибизди абдан сыйлайбыз", - деген Абдель-Азиз.

32 жаштагы Хабиб Нурмагомедов 24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.

43 жаштагы Мейвезер карьерасын 1996-жылы баштаган. Ал акыркы беттешин 2017-жылдын август айында атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегорго каршы өткөрүп, техникалык нокаут менен жеңип алган. Мейвезер жалпы карьерасында 50 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетишкен (анын 27си нокаут менен).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД