Сатуучу кызды калькулятор менен башка чапкан жаран бир айга камакка алынды

Бишкекте балдар паркында сатуучу кызды калькулятор менен башка чаап жиберген жаран СИЗО-1ге камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29 жаштагы А.Алимбаевдин баш коргоо чарасын Октябрь райондук соту карап, 1 айга камакка алуу түрүндөгү чечимин кабыл алган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында чыр салган киши 29 жаштагы А.А. аттуу жаран экени аныкталып, Октябрь РИИБине алып келинген. Көп өтпөй бул окуя боюнча Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко үн каткан. Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кыргыз тилин билбеген кызды чаап жиберген А.Алимбаевге расмий эскертүү берген болчу.

Көп өтпөй бул окуяга Орусиянын мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин реакция кылып, Кыргыз өлкөсүнүн Жокорку Кеңешинин төрагасына бул окуяны жеке көзөмөлгө алуу тууралуу кайрылуу жолдоорун билдирген.

10-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуп, аталган оюн-зоок борборунда орун алган Кыргыз Республикасынын жараны менен аталган мекеменин кызматкери, орус улутундагы Кыргыз Республикасынын жаранынын ортосунда болгон окуяны талкуулашкан.

Ал арада Орусиянын ички иштер министрлиги орус тилдүү кыргыз кызына кол салган Кыргыз жаранына он жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салганы маалым болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД