COVID-19: Соңку суткада алты адам көз жумуп, 341 киши илдет жуктурду

Соңку суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 341 адамдан табылды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Ага ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 151, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 93, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда – 16 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 561 адам илдеттен сакайып чыккан.

Ошондой эле соңку сутка ичинде илдеттен алты бейтап каза болгон.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 172 миң 668 адам коронавирус жуктурган. Анын ичинен 163 миң 810 киши айыгып чыкса, 2 миң 457 адам каза болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД